Бүгүн, 3-январда Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Калмаматовдун сөөгү өзү туулуп өскөн Алай районунун Гүлчө айылында жерге берилди. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына өкмөт башчы Сапар Исаков, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков баштаган бир топ депутаттар, бир катар министрлер, саясатчылар жана коомдук ишмерлер катышты.
Акыркы сапарга узатуу зыйнатында Сапар Исаков, Дастан Жумабеков, "Кыргызстан" парламенттик фракциясынын лидери Алмазбек Батырбеков сөз сүйлөп, маркумдун депутаттык ишмердиги, анын өмүр жолуна токтолуп, жакындарына жана санаалаштарына көңүл айтышты.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынан депутат Жыргалбек Калмаматов 1-январда инфаркттан улам каза болгон.