Орусияда өрттөн каза болгон жарандын жакындары анын өлүмүнө чогуу жашаган адамды күнөөлөп жатышат

Талас районундагы Үч-Эмчек айылынын Рыспек Жолдошбеков аттуу 44 жаштагы тургуну 2017-жылдын 13-декабрында Орусиянын Түштүк Сахалин аймагында өзү жашап жаткан контейнерден чыккан өрттүн ичинде калып каза болгон. Анын жакындары Жолдошбековдун өлүмүнө аны менен чогуу жашаган Чыңгыз С. аттуу Кыргыз жаранын күнөөлөп жатышат.

Жолдошбековдун келини Акактын SUPER.KG'ге билдиришинче, Чыңгыз С. маркумдун сөөгүн Орусиядан алып келүүгө кеткен чыгымды төлөп бермекчи болуп, кийин баш тартып койгон.

"Кайнагам 13-декабрь күнү түнкү саат 3кө жакын үй-бүлөсү менен телефон аркылуу байланышып, өзү жаткан керебеттин астына 250 миң рубль акча чогултуп койгонун, ага КамАЗ сатып алмакчы болуп жатканын айткан. Анткени өзү ал жакта КамАЗ айдап иштечү. Тилекке каршы, ошол күнү түн ичинде контейнерден өрт чыгып каза болуп калыптыр. Биз окуяны эки күндөн кийин уктук. Ошол учурда жанында Чүй облусуна караштуу Москва районунун Чыңгыз С. аттуу тургуну болгон. Ал өрттөн аман калганы менен, беттери сыйрылып кеткен. Ошондуктан ал жакта жашаган 3-4 кыргыз жигит "эмне себептен Рыспек каза болуп, сен аман калдың? Аны сен өлтүрдүңбү?" деп өз алдынча суракка алышкан. Чыңгыз С. алардын суроолоруна жооп берип жатып, күнөөлүү же күнөөсүз экендигин ачык айтпай, бирок керек болгон чыгымды төлөп бере турганын билдирген экен. Биз кийин анын Москва районунда жашаган аялына барып, акча берүүнү талап кылдык. Бирок аялы Рыспек Жолдошбеков түтүнгө ууланып каза болгонун айтып, акча берүүдөн баш тартып койду. Биз кайнагамдын сөөгүн 10 күндөн кийин өзүбүз жана Орусиядагы Кыргыз жарандары чогулткан акчага алып келип жерге бердик", - деди Акак.

Бирок Чыңгыз С. күнөөсүз экендигин келинчеги Салтанат К. айтып берди. Анын айтканына таянсак, өрт чыккан учурда экөө тең контейнердин ичинде уктап жатышкан.

"Жолдошум эч качан мындай ишке барбайт жана калп сүйлөбөйт. Анын айтымында, Рыспек ошол күнү "үшүп жатам" деп мештеги күйүп жаткан отту күчтөндүрүп коюп жатып алган экен. Бир кезде ойгонсо контейнердин ичин түтүн каптап кетиптир. Дароо эле сыртка чуркап чыгып, жакын жердеги унаа токтотуучу жайда иштегендерди жана өрт өчүрүүчүлөрдү жардамга чакырып келгенче контейнер күйүп жатыптыр. Ал учурда Жолдошбеков контейнердин ичинде жатып каза болуп калган. Экспертизанын жыйынтыгында ал түтүнгө ууланып каза болгону көрсөтүлгөн. Күнөөсүз болгондуктан биз чыгашаны төлөп бербейбиз. Бирок туугандары мага акча сурап келишкен жок. Жолдошум мага окуя тууралуу эмне деп айтканын угуу үчүн келишкен. Жолдошумдун айтканын мен аларга айтып бердим. Ага карабай маркумдун жубайы мага телефон чалып алып, ар кайсы сөздөрдү айтып каргап жатат", - деди Салтанат К.

Белгилей кетсек, Жолдошбековдун сөөгү 23-декабрда Кыргыз жерине алынып келип, өзү туулуп өскөн Талас районундагы Үч-Эмчек айылына жерге берилген. Маркумдун артында бир уул, бир кызы калды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
KUBI
2018-01-03 16:37:06
Тутун болуп атса эмнеге башка жакка чуркайт.Андан коро адамды акчасын эшикке алып чыкпайбы.Жеке оюм акчасын алып ортоп жиберген окшойт. Жооп берсин элдин башын айлантпай.
+6
Beka9393
2018-01-03 18:11:15
KUBI,Мен дагы ошентип ойлоп калдым.
Бул акчасынм алган дагы орт койуп чыгып кеткен эшикке.
+2
Suluuushka
2018-01-03 17:14:00
Мен да ошентип ойлоп калдым. Куноолу болсо жазасын алсын куноосуз болсо билбеейм. Кантип эле чогу жашаган адамын ойготпой башка жака чуркап кетет.
+3
JaneEr
2018-01-03 17:26:50
Бир Аллах билет.Бирок ал адамды таштап озу чуркап чыгып кеткени кейиштуу.
+8
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан