"Британиялык жөө туристтер коому" (British Backpacker Society) аттуу уюм тарабынан Кыргыз жергеси туризм үчүн кызыктарга бай өлкөлөрдүн катарын толуктады. Бул маалыматты аталган уюм социалдык түйүндөгү баракчасына жарыялады.
Ага ылайык, ал тизмеде 20 өлкө аталып, анын ичине 4 КМШ өлкөлөрү кирген. КМШ өлкөлөрүнүн арасынан тизмеде эң эле жогору жагында Кыргыз жергеси 5-катарда турса, Тажикстан 7, Грузия 9, Өзбекстан 19-катардан орун алган.
Айта кетсек, аталган уюм туризм тармагында иш алып барат. Алар туризм багытында көп белгилүү эмес өлкөлөрдү изилдешет.