Мамлекеттик ипотека компания тарабынан 2 378 насыя берилди. Бул тууралуу аталган мекеменин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, насыянын жалпы суммасы 2 миллиард 613 миллион 854 миң 26 сом. Чүй облусунда 754, Бишкек шаарында 294, Ош облусунда 308, Ош шаарында 338, Жалал-Абад облусунда 310, Ысык-Көл облусунда 196, Нарын облусунда 98, Талас облусунда 40, Баткен облусунда 40 жаранга насыя берилди. Бул 2017-жылдын 21-декабрга карата көрсөткүчү.
Эске салсак, "Арзан турак жай-2015-2020" программасынын алкагында ипотекалык насыя 2016-жылдын март айынан тарта бериле баштаган.