Бокс боюнча Дүйнө чемпиону болгон Майк Тайсон марихуана өндүргөн чарба ачты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Калифорния-Сити шаарынын четинде жайгашкан ферма "Тайсондун ранчосу" деген аталышта болуп, медицинага керектөө максатында кара куурайды өстүрөт. Чарбаны куруп баштоо аземинде шаардын мэри жана Майк Тайсондун өнөктөштөрү катышты. Кара куурайды өстүргөндөн тышкары "Тайсондун ранчосунда" фермерлер марихуанага изилдөөлөрдү жүргүзүшөт", - деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, АКШнын Калифорния штатында жыл башынан тартып марихуананы мыйзамдуу түрдө сатуу башталды. Анда жашы 21 жаштан жогору болгон жарандар 28 граммга чейин марихуананы сатып алганга уруксат берилген. Азыркы тапта марихуананы сатканга 40 компания гана лицензия алган. Кечки саат 10:00дөн тартып таңкы саат 6:00гө чейин маңзатты сатып алууга жана сатууга тыюу салынган.