СУПЕРСТАН: "Кайнененин үй-бүлөлүк иштерге аралашканына кандай көз караштасыңар?"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кайнене үй-бүлөлүк иштерге аралашуусу керекпи?" деген тема талкууланган.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Колдон келсе эч ким бирөөнүн жашоосуна аралашпаса... Кайнене акыл-насаатын айтса болот, бирок киришпей эле койсо. Менин бир эжемдин кайненеси ошондой болчу, камыр жасап жатса да алдыңа келип алып үйрөтө берет. Бир чыдайсың, эки чыдайсың, чыдамың да кете баштайт. Бирок кайнененин жолу улуу, сыйлай билишиң керек".

"Кайнене деген өзүнүн үй-бүлөсүн эле караганы жетиштүү. Баласынын же кызынын үй-бүлөсүн кошуп алганы болбойт".

"Менин кайненем аралашат, бирок капа эмесмин. Кээде жакпаса дагы макул деп айтканын кылып коём. Кандай болсо дагы оорубай аман-эсен болушса экен ата-энелерибиз. Канчалык каардуу болгон күндө дагы балдарына жамандык каалабайт го. Балдарым деп жаштыгын, өмүрүн, ден соолугун короткон адамдардын анча-мынча "капризине" чыдап коё алам".

"Kийлигишкендин дагы эби-чеги бoлoт. Ар ким өз oрдyн билcе, менимче, кoнфликт бoлбoйт. Үйдөгү майда-чүйдө маселелерди келин чечcе бoлoт. Ал эми oлyттyу нерcе бoлco, албетте, апаcы менен кеңешип чечиш керек".

"Кайнене анча-мынча билбегенди билгизип, акыл-наcаат айтып тyрганы эле oң гo. Майда-чүйдөгө чейин кийлигишкен кайненеден Кyдай cактаcын".

"Жаңы баш кошкондорго кайнененин көзөмөлү керек болушу керек. Кийинчерээк балалуу болуп өзүнчө бөлүнгөндө өз каалаганын жасай берсе болот, анткени үй-бүлөлүк турмушту түшүнүп, көзү жетип калат".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан