Голландиянын Амстердам шаарында катуу шамалдан улам 176 рейс токтотулду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка караганда, Амстердамдагы "Схипхол" аэропортунда жалпысынан 1200 рейс пландалган эле.
"Көбүнчө Европа ичиндеги багыттар токтотулган. Алар Лондон, Прага жана Цюрих шаарларына бара турган рейстер. Андан тышкары бир топ рейстер кармалуу менен учуп кетүүдө", - деп жазылат маалыматта.