Биз социалдык тармакта

Камчыбек Ташиевдин агасы каза болуп сөөгү жерге берилди

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Камчыбек Ташиевдин 59 жаштагы бир тууган агасы Жаныбек Ташиев каза болду. SUPER.KG'ге анын жакындары кабарлашкандай, ал 2-январь күнү уктап, ошол бойдон турган эмес. Сөөгү 3-январда өзү туулуп-өскөн Сузак районундагы Барпы айылында жерге берилди.

Жаныбек Ташиев үй-бүлөдө он бир туугандын экинчиси болгон. Анын артында 4 уул, 2 кызы калды.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Жаныбек Ташиевдин дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Abdumital
2018-01-04 10:04:08
Билип билбей кылган куноолорун кечирсин кудайым калган бир туугандарына сабыр берсин
+13
cholpon119966
2018-01-04 12:47:57
Бейишин берсин Жараткан куноолорун кечирсин. Ташиевдерге Сабыр кайрат.
+5
kechirmeni
2018-01-04 14:58:39
Кудайым бейишин берсин жакындарына сабыр берсин
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан