Бүгүн, 4-январда Жогорку Кеңештин жыйыны маркум депутат Жыргалбек Калмаматовду эскерүү менен башталды. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков Калмаматовдун жакындарына парламент депутаттарынын атынан көңүл айтты.
Кечээ, 3-январда Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынан депутат Жыргалбек Калмаматовдун сөөгү өзү туулуп-өскөн Алай районунун Гүлчө айылында жерге берилди.
Белгилей кетсек, депутат Жыргалбек Калмаматов 1-январда инфаркттан улам каза болгон.