Мирлан Бакиров өкмөт мүчөлөрү депутаттардын тапшырмалары боюнча өз маалында жооп бербей жатканын айтты

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Мирлан Бакиров өкмөт мүчөлөрү депутаттардын тапшырмалары боюнча өз маалында жооп бербей жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 4-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Депутаттар өкмөттүн дарегине көптөгөн сунуштарды айтып, бир катар көйгөйлүү маселелер жаатында протоколдук тапшырмаларды берүүдө. Өкмөт ага көӊүл буруп, натыйжалуу чараларды көрүшү зарыл. Депутаттардын көп тапшырмалары боюнча өз маалында так жооп берилбей же үстүртөн мамиле кылышканы байкалып турат. Мен ошол маселелерди тескеген төраганын орун басары катары өкмөт мүчөлөрү протоколдук тапшырмалардын тыкыр аткарылышын талап кылам", - деди Бакиров.

Ал өкмөт жакында эки жолу "Жөлөк пулдар жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Евразия экономикалык биримдигинин Бажы кодекси боюнча чоӊ ката кетирүү менен, өзүнүн чабалдыгын көрсөткөнүн айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан