Бүгүн, 4-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улан Примов жол, аба каттамдарын үзгүлтүккө учураткан, "Жөлөк пул жөнүндө" мыйзамы, Бажы кодекси боюнча катачылык кетирген чиновниктердин жоопкерчилигин кароону сунуштады.
"Жаңы жыл алдында бир канча маселелер болду. "Жөлөк пул жөнүндө" мыйзамы боюнча бир канча талаш-тартыштар жаралды. Кийин Бажы кодекси боюнча депутаттар чукул жыйынга чогулууга аргасыз болду. Жолдордо маселе жаралганын депутаттар айтышты. Аэропортто учак өз убагында учпай калып, 12 сааттан ашык кармалды. Аэропортто, авиакомпанияда шарт жок эл кыйналды. Өкмөт башчы аталган маселелер боюнча тийиштүү кызматкерлердин жоопкерчилигин карап чыгышы керек. Жоопкерчиликке эч ким тартылбаса бул жагдай улана берет", - деди Примов.