КСДП фракциясынан депутат Аалы Карашев газ менен жүргөн автоунаалардын санын көбөйтүү керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 4-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Ал Бишкек шаарын түтүн каптап жатканын айтты.
"Учурда автоунаалар көбөйдү. Газ менен жүргөн автоунаалардын санын көбөйтүү керек. Ошондо зыяндуу заттар абага аз чыкмак. Бул боюнча өкмөт жумушчу топ түзүп, изилдеп көрсө жакшы болмок. Газ менен жүргөн унааларга жеңилдиктерди берсек, башка айдоочуларга стимул болмок", - деди Карашев.
Ошону менен катар эле депутат мурдагы жыйындарда мигранттарды колдоо боюнча фонд түзүү сунушун айтканын билдирди. Бирок реакция болбогонун айтты.