Депутат: "Бүгүнкү аткаруу бийлигинин жоопкерчилиги жок"

"Бүгүнкү аткаруу бийлигинин жоопкерчилиги жок", - деп бүгүн, 4-январдагы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Исхак Масалиев айтты. Ал өкмөт кышка карата даярдыкты чабал жүргүзгөндүктөн маселе жаралып жатканын жүйө кылды.

"Бир жолу кар жааса Бишкекте, Төө-Ашууда маселе жаралып калды. Бул тийиштүү органдардын кышка карата даяр эместигинин белгиси. Бүгүн биздин аткаруу бийлигинде пландаштыруу деген принцип жок. Ар бир кызматкер, бардык мезгилдерге жараша ишин пландаштырыш керек. Бардык графиктер ар бир адамдын телефонунда интернетте жүрөт. Элдин баары карды күтүп жатат. Анан "кокустан кар жаап маселе чыгып калды" деген болбойт", - деди Масалиев.

"Көмүр боюнча дотация принцибине өтүшүбүз керек. Жарандарга жардам берип, көмүрдүн баасын түшүрүп берүү зарыл. Ишканаларды "бааны төмөндөт" деп күчкө сала албайсыздар. Дотациялык принцип менен арзандатсак болот. Биздин аткаруу бийлигинин жоопкерчилиги жок. Милдетин аткара албай кызматынан кеткен эч ким жок. Жоопкерчиликти күчөтүп, даярдык принциптерин ишке ашырыш керек", - деп кошумчалады депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
u.n.m
2018-01-04 12:59:10
Урматтуу Исхак ага комурду элге арзан жеткируу керек дегендин ордуна ошол элге жеткирип берип жаткан комур ташуучуларга шарт тузуп берели деген койгойду которсонуз болмок. Сиздер жылуу креслодо олтуруп алып эле комур чыккан жерде кандай койгой бар экенин билесизби? Мисалга мен комур ташыйм,мени менен чогуу барып келе турган эл окулу барбы аранарда? Ушул чиновниктерге тан каласын, элге арзан сатуу керек деп элге жакшы корунгонду эле ойлоп турушат. Комур кандай шартта алынып келип жатат ага
0
u.n.m
2018-01-04 13:09:42
кызыккан бироо жок. Комур чыгып жаткан карьерге барсан 3 кундон 10 кунго чейин ошол жерде кезек кутуп жатканыбызды. Ал жерде эч кандай шарттын жоктугу. Таааныш аркылуу эч кандай кезеги жок эле кирип чыгып жаткан комур ташуучуларды иреетке келтирели деген бир дагы чиновникти корбойсун. Мамлекеттик деген карьер бар кара-кечеде жонокой соз менен айтканда "Бардак". Кезек менен киресинер деп жонокой жарандарды бир короого камайт дагы "черный ход" аркылуу ошол жерде иштеген,"м
0
u.n.m
2018-01-04 13:17:12
местныйбыз деген кыйындардын, "черныйбыз"деген бандиттердин, "шефтердики" деген бийлик окулдорунун жук ташуучу унаалары кезексиз кирип жатканы жанынды ачытат. менде бул боюнча видео материалдар дагы бар. Бул мамлекеттик тартип бар деген карьерде. А менчик карьерди айтпай эле коелу. Дагы бир койгой ТЭЦ ке комур тартылбай жатат дешет. Ал жакка комур тартып барсан акысын убагында толобогону. Жылдап акысын ала албай жургон айдоочулар бар. Дагы бир койгой жуктоп барган комурунду
0
u.n.m
2018-01-04 13:23:07
сата албаганын. Комурду алып сатарлар эле кымбаттатып жатышат.мен билгенден бизден сатып алган комурдун устуно жок дегенде 500 сомдон 1000 сомго чейин кошуп сатышат.Ушуну мамлекет колго алып бирдиктуу топ базаларды уюштуруп бирдиктуу баа коюп бизден сатып алып элге жеткирип турса жакшы болмок.Анан карьердеги тартипти иреетке келтиришсе андан дагы жакшы болмок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан