"Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Таабалды Тиллаев айрым чет өлкөлөрдөгү иштебеген элчиликтерди жоюп, башка мамлекеттердеги элчиликтердин курамын кеңейтүү керектигин айтты. Бул тууралуу депутат бүгүн, 4-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Ал көп өлкөлөрдөгү Кыргыз мамлекетинин элчиликтеринин эмне иш аткарып жатканы жөнүндө маалыматы жоктугун айтты.
"Биздин байкашыбызча, бир катар элчиликтер иштеген деле жок. Аларды жоюп салса деле эч нерсе өзгөрбөйт. Биз өкмөт менен бирге алардын отчётун угуп, тиешелүү чараларды көрүшүбүз керек. Жакында бул маселени "Республика-Ата Журт" фракциясынын жакынкы жыйындарынын биринде караганы жатабыз. Кытай, Орусия, Түркия сындуу өлкөлөрдөгү элчиликтердин курамын кеӊейтишибиз керек. Бир катар өлкөлөрдө жаңы элчиликтерди ачса да болот. Анткени көптөгөн элчиликтер республикалык бюджетке ашыкча жүк болуп калды. Ошондуктан бюджетти дагы бир карап чыгалы. Өкмөт дагы бул маселе боюнча кескин чараларды көрөт деп ойлойм", - дейт депутат.