Бүгүн, 4-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Исхак Масалиев ("Өнүгүү-Прогресс") жаңырган жылдан тартып, парламенттин ишмердүүлүгүн, депутаттарды негизсиз каралаган гезиттерди жана басылмаларды жоопкерчиликке тартууну сунуш кылды. Ал Жогорку Кеңешке карата каралоолор көп болуп жатканын айтып, төраганы буга жооптуу экенин эсине салды.
"Жаңы жылдан баштап ар бир депутаттын аброюна шек келтирген факт боюнча сиз чара колдонушуңуз керек. Мен сунуш кылат элем. Депутаттарды коёнго окшотуп кубалаганды токтотолучу эми. Гезитти жардамчыларыңыз эртеден баштап окуп, сизге айтып бериш керек. Кайсы депутат боюнча эмне деп жазып каралап жатат. Эгерде туура эмес болсо жоопкерчиликке тартыш керек. Кандай жоопкерчилик - бул башка маселе. Жогорку Кеңешти жөндөн жөн курулай каралоо болбош керек. Бул төраганын жана эки орун басарыңыздын милдети", - деп төрагага кайрылды Масалиев.