Депутат табият кырсыктарын алдын алуу иштери жүрбөй жатканын айтты

Бүгүн, 4-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Бакирдин Субанбеков өлкөдө табият кырсыктарын алдын алуу иштери жүрбөй жатканын айтты. Эл өкүлү мындай иштердин чабалдыгынан мамлекет ашыкча чыгымдарга дуушар болуп жатканын белгиледи.

"Кыштын күнү Чүй районунда суу көтөрүлүп, бир топ үйлөр чөгүп жарака кетип жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери жаздын алды менен же болбосо күзүндө изилдеп чыгып, кайсы жер кооптуу экенин аныктап, алдын алуу жумуштарын жасаса ашык суулар агып кетмек.

Алдын алуу иш-чараларын өткөргөнгө жетише албай жатабыз. Ушундай эле абал Панфилов районунда дагы жаралууда. Муну ӨКМнын тийиштүү кызматтарына айтып алдын алса. Кар жаап жатат, анын баары эрип ашык суулар агып баштаганда эле суу көтөрүлүп бөөдө чыгымга учурап жатабыз", - деди Субанбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан