Токтогулдагы Кара-Суу көлүндө балык чарбасын токтотуу маселесине депутаттар бүгүн чекит коёт

Бүгүн, 4-январда Жогорку Кеңештин жыйынында Кара-Суу көлүн балык чарбасына багытталган көлдөрдүн тизмесинен чыгаруу боюнча мыйзам долбоору 3-окууда каралды.

Анда Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Кара-Суу көлүн балык чарбасына багытталган көлдөрдүн тизмесинен алып салуу максаты коюлган. Мындай демилге аталган көлдөгү жылаңач осман балыгы сындуу мурдатан эле байырлап келген балык түрлөрүн сактап калуу, бул аймакка туристтердин келишин шарттоо, бул өрөөнгө жергиликтүү элдин жайлоого чыгуусун камсыздоого багытталган.

Долбоордун авторлору Жогорку Кеңештин депутаттары: Осмонбек Артыкбаев, Карамат Орозова, Абдувахаб Нурбаев, Абдыкапар Султанов, Рада Туманбаева, Эмил Токтошев жана Алтынбек Жунус уулу.

Мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жиберилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан