Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн токтому менен 1-январдан тартып өлкөдө тамекинин баасы жогорулады.
Салык кодексиндеги жаӊы нормалар 1-январдан тарта күчүнө кирип, тамекинин баасы кымбаттай баштады. Акциздик салык көтөрүлгөндүктөн 1 куту тамекинин баасы жыл сайын 10 сомго кымбаттамакчы. 2022-жылдын 1-январында эң арзан 1 куту тамекинин баасы 90 сомго барабар боло турганы айтылууда. Учурда эң арзан тамекинин баасы 40 сомду түзөт.