Өлкөнүн бардык айыл аймактарына банкоматтарды орнотуу сунушталууда

Бүгүн, 4-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында бардык айыл аймактарына банкоматтарды орнотуу үчүн банктарга салыктардан жеңилдик берүү жагы сунушталган мыйзам долбоору талкууланды.

Депутаттар мамлекет ээлик кылган банктарга жеңилдик берип, коммерциялык багыттагы банктарга жеңилдик берүүгө зарылдык жок экенин айтууда. "Мамлекеттик РСК жана "Айыл Банкына" жеңилдик берсе болот, калган банктарга жеңилдик берүүгө зарылчылык жок", - деди депутат Улукбек Ормонов.

Ал эми Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов өлкөдө айыл аймактарына чейин банкоматтар менен камсыздоо маселеси 90 пайызга чейин жүргүзүлөрүн айтты.

"2017-жылы ноябрь айында банктар менен бул багытта келишимге кол коюлган. Анда 2020-жылга чейин 796 банкомат, 5 миңден ашык пост-терминал, 2330 төлөм терминалдары алынып келет. 2015-жылдан бери банктар терминал, банкоматтарды алып келе баштады. Ага чейин болгону 30 пайыз эле бар болчу. 2015-жылы 40 пайызга жогорулаган. Буюрса, 90 пайызга чыгарабыз. Бизде 25 банк бар. Эгер биз банктарга жеңилдик бербесек, алар тоолуу аймактарга көңүл бурбай, Бишкек, Ош шаарларынан тышкары башка аймактарга көңүл бурбай коёт", - деди Абдыгулов.

Эл өкүлдөрү сунушталган мыйзам долбоорун кайра депутаттардын сунуштарын эске алуу үчүн артка кайтарды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
tular
2018-01-04 13:39:59
Туура кылышат. Ата-Мекендик банктарды колдойлу, мисалы "Айыл-Банк" мамлекетке бир аз болсода пайдалуу.
+1
aksuu_aduk
2018-01-04 15:27:28
Жакшы болот эле , эгер айылдаргда терминалдарды койсо
+1
Aitun
2018-01-04 19:06:28
Отто жакшы болот эле. Себеби коп мугалимдер мамлекетик иш канада иштегендер карточка менен айлык алышат. Бир кун кечке банкомата очередте турушат. Пенсионерлерда кечке кутуп анан зорго алышат
0
nary-beri
2018-01-05 01:15:06
макул . бирок көңүл бөлүп койушса кана. көпчүлүгү ( временно не работает) болуп турат айыл жергесинде
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан