Бүгүн, 4-январь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Депутаттык мандатын тапшырып, саясаттан кетерин айткан Өмүрбек Бабановдон БШКга арыз түшө элек. Маалыматты БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев билдирди. Бабановдун ордуна ким депутат болот? "Республика-Ата Журттун" тизмеси боюнча депутаттык мандат Абдыбек Дүйшалиевге берилери күтүлүүдө. 2015-жылкы парламенттик шайлоодон кийин РАЖ өз аймагынан жетиштүү добуш алган жок деп 70 талапкерин тизмеден чыгарып, орундар жылышып кеткен. Ошондуктан Жогорку Кеӊеште 28 оруну бар "Республика-Ата Журттан" тизмедеги 73-талапкер депутат болору күтүлүүдө.
2010-жылкы шайлоодо "Республика" партиясы жеӊишке жеткен 5 партиянын бири болуп Жогорку Кеӊешке өткөн. Анткен менен Бабановду ийгиликке жеткирген команда көпкө кармалган жок, Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын мөөнөтү бүткүчө Бакыт Төрөбаев, Алтынбек Сулайманов, Канат Исаев өӊдүү депутаттар "Республиканы" таштап кетишти. Булар 2015-жылдагы шайлоодо өз алдынча "Өнүгүү", "Бир бол" жана “Кыргызстан” партияларын түптөп парламентке келишти.
Бабановдун "Республикасына" Камчыбек Ташиевдин "Ата Журту" кошулбаса парламентке келер беле, жокпу, ал жагы суроо. Шайлоого аз калганда Ташиев "Өнүгүүнүн" өкүлү менен мушташканы себеп болуп, тизмеден чыгарылган. Шайлоодон кийин Бабанов айрым "ата журтчу" талапкерлерди "Республика-Ата Журттун" тизмесинен тазалады. Мисалы, 5-чакырылыштагы "Ата Журттун" депутаты, 2015-жылы "Республика-Ата Журттун" тизмеси боюнча парламентке келген Жыргалбек Саматов менен соттошуп жүрүп, акыры БШК аркылуу Саматовду мандаттан ажыратты. Ал эми "ата журтчу" Курманкул Зулушев соттон утуп чыгып, мандатын сактап калды. Камчыбек Ташиев “Бабанов парламенттик шайлоодон кийин бир топ келишим шарттарын аткарбай койду” деп таарынып, 2016-жылы экөө эки ажырым жолго кеткен. Жогорудагы окуялар Бабановдун тегерегине бир идеяны көздөгөндөргө караганда убактылуу кызыкчылыкты көздөгөндөр көбүрөөк топтолорун, андай адамдарды чогултуп, ылдам жыйынтыкка жетүүгө Бабановдо шык бар экенин, бирок ылдам чогулган топ, ошондой эле ылдам ыдырап кетерин көрсөтүүдө.
2017-жылы президенттик шайлоодо талапкер Өмүрбек Бабановго 600 миӊдей шайлоочу добушун берди. Бирок жарышта КСДПнын өкүлү Сооронбай Жээнбеков жеӊди.
Президенттик шайлоодон кийин Бабановго каршы бир нече фронтто “согуш” ачылды. Алгач, Башкы прокуратура Бабановго кылмыш ишин козгоп, бул окуяга чейин өлкөдөн чыгып кеткен "Республиканын" лидери кайрылып келе албай калды. Кылмыш иши козголгондон көп өтпөй Бабановдун парламенттеги фракциясында “бунт” чыгып, бабановчулар фракция лидерлигин Руслан Казакбаевдин колунда сактап калышты. Бирок Бабанов лидерликтен кетти. Көп өтпөй анын Бишкек шаардык кеӊешиндеги фракциясы башкаруучу коалициянын курамынан чыгарылып, шаардык кеңештин төрагалыгын колдон тарттырып, оппозицияда калды. Бул күндөрү Өмүрбек Бабановдун бизнесин текшерүүлөр башталганы интернеттеги соц тармактарда айтылып, жазылып жатты. 2017-жылдын акыркы күндөрүндө күтүүсүз келген сот аткаруучулар НТСтин мүлктөрү камакка алынганын айтып, тизмелей башташты. Бизнесин жоготуу коркунучу акыркы тамчы болгон өңдүү, 2017-жылдын 30-декабрында Бабанов депутаттык мандатын тапшырарын, саясаттан биротоло кетерин жар салды.
Ошентип Кыргызды бат өнүгүп келе жаткан 10 өлкөнүн катарына кошмокчу болгон амбициялуу Бабанов мамлекеттик машина ар тараптан тескөөгө алганда оӊой эле сынып берди. Шайлоо алдында "коркпогула, татыктуу талапкерди шайлагыла" деп элге дем берип жүргөн Бабанов, тилекке каршы, тайманбастык көрсөтө албады. Шайлоодон кийин "Бабанов башкы оппозиционерге айланат" дегендердин үмүтү өчтү. Убагында Александр Македонский армиясындагы Александр деген коркок жоокерге "же атыӊды өзгөрт, же коркконуӊду ташта. Эл мени сени менен чаташтырып жатат" деген. 2010-жылы Өмүрбек Текебаев ушул уламышты мисал кылып Бабановго: "Чоӊ саясатка аттанып жатыпсыӊ, бекем бол, менден үйрөн!" - деп кеӊеш берген.
2017-жылы өзүнө кылмыш иши ачылганда Өмүрбек Текебаев да Бабанов сыяктуу чет өлкөдө эле. Камаларын билсе да Кыргыз жерине кайтып келди. Сот 8 жылга кесип, учурда башкы "Ата мекенчи" түрмөдө отурат. Бабанов өмүрүн жана бизнесин тобокелге салгысы келген жок. Ошентип бизнестен саясатка баргандардын оппозициялык чамасы бир шайлоодон чыкпай калары көрүндү. Бирок Бабановду саясаттан биротоло кетти дегенге али эрте. Бакиевдик бийлик куулуп, Убактылуу Өкмөт өлкө башына келгенде революциячылар менен кошо пайда болгон сыңары, кайсы бир күнү кайрадан саясий аренага кайтуусу мүмкүн...
Жогорку Кеӊештин депутаттары Бишкек-Ош жолунда үзгүлтүксүз жол кыймылын камсыздай албаганы үчүн жооптуу чиновниктерге чара көрүүнү талап кылышты. Депутат Сайдулла Нышанов Жаӊы жыл алдында трассада автоунаалар 3 күн тыгында турганын айтса, депутат Калдарбек Баймуратов жол тыгында өзү да турганын айтып даттанды. Эл өкүлдөрү жалгыз жол менен катар аба каттамдары да бул күндөрү үзгүлтүккө учураганын айтып, тийиштүү тармак жетекчилерин сынга алышты. "21-кылымда жашап жатабыз. Кайсы күнү туман түшөрүн алдын ала билүүгө болот. Жакында Оштон Бишкекке учкан учактын шассиси чыкпай калып, авариялык абал түзүлдү. Жүргүнчүлөр убагында учпай кармалып жатышты, мындай окуялардын алдын алуу керек", - дешти депутаттар.
Былтыр кышында Бишкек-Кара-Балта трассасынын Бишкек шаарына кире бериштеги тилкесин жамоого ылайыктап казып таштап, жазында араӊ жамалган. Транспорт жана жолдор министрлиги кыш мезгилинде жол тешиктерин жамоо иштери жүргүзүлбөй турганын, техникалык талаптар кышында жол курууга жол бербесин айтып жооп узаткан. Бирок жазында оңдоло турган жолду эмне үчүн кышында казып салышты деген суроо ачык бойдон калган. Бишкек-Ош жолундагы бүгүнкү абалга деле өкмөттүн тийиштүү министрлигинен ынанымдуу жооп болбоду. Транспорт жана жолдор министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чукул пайда болгон абалга эле эмес, кадимки кышка даяр эместиги бүгүн ошентип парламентте сындалды. Өкмөттө болсо премьер-министр Сапар Исаков Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алып, түндүк менен түштүктү бириктирген жалгыз жолдогу кыймылды үзгүлтүксүз камсыз кылууну, дегеле өлкөдөгү негизги жолдорду тазалоону жакшыртууну, Транспорт жана жолдор министрлигине бул жагынан мүмкүн болгон жардамды берүүнү тапшырды...