Быйыл электр энергиясына карата жаңы тарифтер киргизилиши мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 4-январдагы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын төрагасы Айбек Калиев билдирди.
Ал электр тармагынын карызы 101 миллиард сомдон ашуун экенин белгилеп, бул карыздарды жабуунун жалгыз жолу тариф саясатына кайтуу экенин айтты.
Депутат Эмил Токтошев: "Мындан ары тарифтин баалары өзгөрбөйбү, ушул бойдон сакталып калабы?" деп суроо салды. Калиев ага: "Мен андай деп айта албайм. Анткени Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги 2018-2023-жылдарга карата тариф саясатын иштеп чыгат. Бирок бүгүн көп депутаттар туура пикирлерин айтышты. Тарифти биз кайрадан сөзсүз карап чыгышыбыз керек", - деп жооп берди.