Сапар Исаков Бишкек-Ош унаа жолундагы транспорттук байланышты жакшыртуу боюнча тапшырма берди

Бүгүн, 4-январда премьер-министр Сапар Исаков өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө катуу жааган жаан-чачындын кесепеттерин жоюу, ошондой эле республиканын негизги унаа жолдорун тазалоо боюнча чаралар талкууланды.

Өзгөчө кырдаалдар министри билдиргендей, катуу жааган жаан-чачынга байланыштуу Бишкек-Ош жолунун тоолуу тилкелеринде унаалардын өтүүсү убактылуу кыйындаган.

"Айрым жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынын кышкы шартка даярдык көрбөгөндүгүнөн тоолуу жол тилкелериндеги тыгындар болгон. Башкача айтканда, кышкы дөңгөлөк, чынжыр жана зым аркандардын жоктугу, ошондой эле айдоочулардын маданиятынын төмөнкү деңгээли болгон", - деди министр.

Жолугушууда белгиленгендей, Бишкек-Ош унаа жолунун айрым тилкелеринде тийиштүү кызматтар тарабынан тазалоо иштери өз учурунда жүргүзүлгөн эмес. Өзгөчө кырдаалдар министри Бишкек-Ош унаа жолунун кооптуу тилкелериндеги кар көчкүлөрүн атып түшүрүү иштери жүргүзүлгөндүгүн маалымдады.

Өкмөт башчы Өзгөчө кырдаалдар министрлигине, Транспорт жана жолдор министрлигине республиканын негизги жолдорундагы үзгүлтүксүз транспорттук байланышты камсыздоо боюнча колдон келген жардамды көрсөтүү тапшырмасын берди.

Мындан тышкары Кубатбек Боронов 2017-жылдын 27-декабрындагы Талас, Жалал-Абад жана Ош облустарында болгон катуу шамалдын кесепеттерин жоюу боюнча көрсөтүлгөн жардам тууралуу маалымат берди.

Бороновдун айтымында, 1-3-январда Талас жана Жалал-Абад облустарынын жабыркаган калкы үчүн 10 миңге жакын шифер жеткирилген. Бүгүнкү күндө курулуш материалдарын жеткирүү боюнча иштер улантылууда.

Ошондой эле Сапар Исаков жабыркаган тургундардын чатырларын жабуу үчүн шифер жеткирүү иштерин ыкчам тартипте жыйынтыктоону тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Munar8625
2018-01-04 17:26:27
Бакиевтин убагында бирда жолу пропка болгон емес жолду туну куну грейдир суруп тазалап турчу 26нан 27караган туну жолдо бирдагы грейдир жок жааган кар ошолбойдон турат анкыр чункур болуп
0
Makaton
2018-01-04 21:29:01
Биздин окмот убактысы эбак отуп кеткенден кийин кыймылдай башташат. Министрлер жаш баладай, качан премьер министр айтканда анан кыймылдай башташат. Туштук-Тундук жолундагы тыгын негизи 25-декабрда эле башталган ошол бойдон элибиз 30-декабрга чейин тыгында тыгылып суукта Ала-Белде бензиндери тугонуп, ачка отурушту. Ала-Белдеги тыгын жолду кардан тазалабагандыктан жана жолго кум сеппегендиктен болду.
0
Makaton
2018-01-04 21:34:05
Менин сунушум: Тоо-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында чон жук ташуучу (фура) машиналарды тыгынга себеп болбошу учун "кучтуу эвакуаторлорду" алыш керек жана кышында ошол жерде тыгындын алдын алып тыгылып калган машиналарды суйроп чыгарып туруш керек.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан