SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Канча жашка чейинки адамдарды жаштар деп эсептесе болот?" деген тема талкууга алынган. Анда автор: "Союз убагында окумуштуулар 21 жашка чейинки курактагыларды жаштар дешсе, азыркы учурдун окумуштуулары 30га чейин деп чек коюшуптур. Сиз канча жашка чейинкилерди жаштар деп эсептейсиз?" - деген суроосун калтырган.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Кечээ эле тиги кырда жок эле, ак боз минген Алыкулдун отуз жаш", - деп белгилүү бир ырда ырдалгандай, менин оюмча, 30 жашка чейин жаш десе болот. Бирок ар бир адамдын жүрөгүндө "мен жашмын, жүрөк жаш" деген сезимдер болбой койбойт".
"40 жашка чейинкилерди жаш деп эсептейм, андан кийин балдар чоңоюп, турмуш кура башташат. Анан өзүңдү кантип жашмын дейсиң, балдарың үйлөнүп жатса".
"Убакыт өтө берет экен да, жүрөк дайыма жаш бойдон. Жашы өткөндөргө боорум ооруйт, бир убакта мага да бирөөлөрдүн боору ооругандыр. Өткөндө аяш атамдан жашын сурап койсом "жашымды айткым келбейт, ичим күйөт" - дейт".
"Мен 5-6-класста окуп жүргөндө "мектепти бүткөнүнө 2-3 жыл болуптур, иштеп жүрүптүр" деген сөздөрдү угуп калганда "ии, картайып калган тура, эмдигиче күйөөгө тийбей" деп калчумун. Ал эми аскерге барып келгендерди "кары киши катары эсептечүмүн, көрсө, бала кезиңде баары сага чоң көрүнөт тура".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.