Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик кадр кызматынын директору Акрам Мадумаровду кабыл алды

Бүгүн, 4-январда президент Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик кадр кызматынын директору Акрам Мадумаровду кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө мамлекеттик кызматты жана муниципалдык кызматты башкаруу системин жакшыртуу, мекеменин ишмердигинин негизги багыттары талкууланды.

Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана окутуу боюнча жумушту күчөтүү зарылдыгын белгиледи. Ал мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызматкерлерин Кыргыз мамлекетинде гана эмес, чет өлкөлөрдөн дагы окутуу жана квалификациясын жогорулатуу милдетин койду.

Мындан тышкары Жээнбеков мамлекеттик кызматкерлердин резервин түзүүгө өзгөчө көңүл бурду. Буга байланыштуу аларды андан аркы жумушка орноштуруу жана ар дайым квалификациясын жогорулатуу максатында Улуттук кадр резервинин иш механизмдерин иштеп чыгуу керектигин белгиледи.

Акрам Мадумаров 2018-жылы мамлекеттик аймактык түзүмдөрдүн кызматкерлерин президентке караштуу мамлекеттик башкаруу академиясында окутуу пландалып жатканын маалымдады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
almaa
2018-01-04 17:53:35
Адахан макул эмесмин деп журуп, акыры бийлик тарапка отуптурда.
-3
Azatbek83
2018-01-04 18:50:11
almaa,экоосу эки башка киши фамилясы гана окшош болбосо! Адахан Торобаев же Ташиев же Келдибеков эмес оз ордун билет корунгон жака ооп секире бербейт!
-3
kamaldin
2018-01-04 18:01:41
Бул жерде Адахан Мадумаров жонундо соз болгон жок. Бул киши Акрам Мадумаров деп турат. Буга чейин бул киши Кадамжай районунун акими болуп турган
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан