Орусиянын Санкт-Петербург шаарында Жол кыймылынын коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын кызматкерлери айдоочуну жол эрежесин бузгандыгы үчүн кармаганда ал полицияга берилүү менен бийлеп берди. Маалыматты орусиялык басылмалар жазып, айдоочунун бийлегендеги видеосун жүктөшкөн.
Инспекторлор унаанын үстүнө арча жүктөп бараткан айдоочуну токтотушкан. Машинадан мас абалдагы жаран түшүп, инспекторлорго берилүү менен бийлеп берген.
Полициянын кармаганына эч кейибеген айдоочу полиция бөлүмүнө, ал эми унаасы айып аянтчасына жеткирилген.