Өткөн жылдын март айында маршруттук унааларды жууп, 4 баласын багып келе жаткан жалгыз бой эне, Асыл Төлөева аттуу аялдын тагдыры тууралуу чагылдырылган.
Анда 59 жаштагы Асыл Төлөеванын 30 жылдан бери үйү жок, батирлеп жашап жатканы баяндалган. Андан соң Төлөевага боорукер жарандардын көңүлү бурулду. Жеке ишкер Азамат Байматов Асыл Төлөеванын аянычтуу тагдырына кайдыгер карай албай, Чүй облусунун Сокулук районундагы Алтын-Ордо конушуна 4 бөлмөлүү үй салып, ачкычын бүгүн, 4-январда колуна тапшырды.
"Асыл апанын тагдырын SUPER.KG порталынан көрүп, жүрөгүм ооруду. Эненин көз жашын карап тура албай, жардам көрсөтүүнү туура көрдүм. Бул үйдү жаз мезгилинде куруп баштап, жаңы жылга чейин салып бүтүүгө үлгүрдүк. Өткөн жылдын эсебинен 7 облустагы жардамга муктаж 7 үй-бүлөгө үй куруп бердик. Чынында бул аракеттердин ишке ашуусуна кайрымдуу жарандардын жардамы чоң", - дейт Байматов.
Жаңы үйдүн босогосун аттап, кубанычы коюнуна батпай турган Асыл Төлөевада бүгүн кош майрам. Ал 60 жаш мааракесин жаңы үйүндө белгиледи. Анын ак өргөөсүн жана туулган күнүн куттуктап ырчылар Салима Балтаева, Гүлзат Байзакова, Жайнагүл Калчаева, куудулдар Борончу Кудайбергенов, Рысбек Жантөрөев, төкмө акындар жана башка маданият өкүлдөрү келишти. Алар келген коноктордун маанайын көтөрүп, чакан ыр-белектерин тартуулашты.
Асыл Төлөева жайы-кышы дебей №344-каттамындагы маршруттук унааларды жууп, күнүнө болгону 150-200 сом таап келген. Башка жумушка кирейин десе ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кызын таштаганга киши жок болчу. Эми муздак сууга колумду салбайм деп сүйүнөт эне.
"Мен үчүн 2017-жыл кубанычтын жылы болду. Көптөн берки кыялым орундалып 4 бөлмөлүү үйлүү болдум. Кудайга шүгүр, өмүр бою иштеп жетпеген үйгө эми жеттим. Менин кубанычыма себепкер болгондорго ыраазымын, эгер тагдырым тууралуу маалымат чыкпаса, дале суукта пол жууп иштеп жүрмөк белем, ким билет? Азамат Байматовго рахматымды айтам", - деди ал.