Кечээ, 4-январда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевдин иши каралды. Отурумдун жүрүшүндө жарыш сөз орун алып, айыпталуучулар акыркы сөздөрүн айтышты.
Кийин сот Абдуразак Боромбаев кеңешме бөлмөсүнө кирип чыгып айыпталуучуларга карата чыккан чечимди угузду. Анын чечимине ылайык:
Канат Исаевди мамлекеттик айыптоочулар 303-берененин биринчи бөлүмүнүн негизинде (коррупция) соттон 20 жыл эркинен ажыратууну сураган. Сот ага суралган мөөнөттү амнистияга таяп чейрек мөөнөткө кыскартып, 12 жылга эркинен ажыратты. Ал абакта күчөтүлгөн тартипте жаза мөөнөтүн өтөмөкчү. Ошондой эле мүлкүн конфискациялоо менен бирге жазасын өтөгөн соң 3 жылга чейин мамлекеттик кызматтарда иштөөгө тыюу салды.
Ал эми аны менен бирге айыпталып жаткан Мирлан Эсенбеков жана Болот Имамадиевге прокурорлор 18 жыл сураган. Аларга 10 жылга күчөтүлгөн тартипте жаза мөөнөтүн өтөө чечими чыгарылды. Сот аларга суралган мөөнөттүн үчтөн бир бөлүгүн кыскартып, сот залынан камакка алууга буюрду. Ал эми Исаев болсо буга чейин эле камакта болгон.
Мындан тышкары башка соттолуучулар Алмаз Сейталиев, Каныбек Аблабеков, Любовь Чудинова жана Бактыбек Асыгалиевдин үстүнөн козголгон кылмыш иштеринин мөөнөтү эскиргендигине байланыштуу аларга карата ачылган иш токтотулду.
Эскерте кетсек, Исаев 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда "пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган" деп айыпталып жатат. Анда Исаевдин тушунда 2009-жылы 8 гектар жер тилкеси жатаканасы менен бирге 3 миллион 200 миң сомго сатылганы, шаардын борбордук базарынын жанындагы автобекеттин орду жеке тараптарга соода түйүнүн курууга берилгени соттук териштирүүдө айтылган. Бирок мамлекет тарабынан түзүлгөн эксперттик топ 2016-жылы 8 гектар жер тилкеси жана жатакана боюнча экспертиза жүргүзүп, мүлктүн баасы 17 миллион сомдон ашык акчага бааланганы маалым болгон. Мындан улам мамлекеттик айыптоочулар Исаевдин мүлкүн конфискациялоо менен бирге күчөтүлгөн тартипте 20 жылга эркинен ажыратууну, калган 6 айыпталуучунун да мүлкүн конфискациялап, анын ичинен үчөөнү 9 жылга, экөөнү 18 жылга, бирөөсүн 16 жылга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратууну өтүнүшкөн.