Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Түркиядан келип окуп жаткан студенттеринин бири Өмер Йенер Жаңы жыл тосуу учурунда айткан сөзү үчүн кыргыз элинен кечирим сурады. Окурмандын SUPER.KG порталына 5-январь күнү WhatsApp аркылуу жиберген видеосунда Йенер: "1-январь күнү кечинде айткан сөзүм туура эмес болгону үчүн кыргыз элинен жана "Манас" университетинде окуган студенттердин баарынан кечирим сурайм", - деп айткан.
Эске салсак, Йенер социалдык түйүндөрдүн бирине жүктөгөн видеосунда достору менен бирге Кыргыз өлкөсүнүн тышкы карызы көп экенин белгилеп Жаңы жыл күнү салют атуу менен акчаны жөн эле асманга чачып жаткандыгын айтып күлүшкөн.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.