Президент Сооронбай Жээнбеков 4-январда "Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу" жана "Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу" жөнүндө 8 жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.
Мамлекет башчынын 6 жарлыгы 1210 адамды өлкө жарандыгына (1056 - чоң адамдар, 154 - балдар) кабыл алуу жөнүндө. Алардын көпчүлүгү Өзбекстан жана Тажикстандын мурдагы жарандары, тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар. Башка 2 жарлык менен 629 адам (477 - чоң адамдар, 152 - балдар) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгарылды.