Бүгүн, 5-январь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Депутат Дастан Бекешев маалымат каражаттарында, интернеттеги социалдык тармактарда адамдын аброюна шек келтирген билдирүүлөр үчүн моралдык компенсациянын эң төмөнкү чегин 20 миӊ сом деп бекитүүнү сунуштап чыкты. Кыргыз өлкөсүндө моралдык компенсация өндүрүү нормасы бар, бирок анда “мынча суммадан кем болбосун” деп баштапкы сумма көрсөтүлгөн эмес. Бекешев бул сумма 20 миӊ сомдон кем болбошу керек деген пикирде. Анын демилгеси боюнча доогер 20 миӊден аз сумманы сурап деле сотко арызданса болот.
Мыйзамга эң төмөнкү "ставка" жазылган соӊ доогер 20 миӊден аз сурабасы түшүнүктүү. Депутат өз түшүндүрмөсүндө кадыр-баркына доо келтирилген жарандарга соттон моралдык компенсация катары болбогон аз акча өндүрүлүп жатат дейт. Бирок соттордо азыр “абройлор” дароо миллиондор менен корголуп жатканы белгилүү. Депутат бул тууралуу кеп кылбады. 2017-жылы Бишкектин мэри Албек Ибраимов жалган маалымат таратып беделиме шек келтирди деп Өмүрбек Текебаевди сотко берип, Текебаев 1 миллион сом доого жыгылган. Бул сыяктуу мисалдар бир топ.
Бекешевдин сунушуна ылайык, ММКларга жана социалдык түйүндөргө чыккан маалыматтарды төгүндөө милдети да күчөтүлөт. Эгер сот социалдык түйүндөрдө кайсы бир маалыматты төгүндөө чечимин чыгарса, жаран төгүндөөнү бардык колдонуучулар көрө алгыдай шартта жарыялашы керек болот. Доогер арызданган маалыматты жарыялаган ММК гана эмес, аны тараткан, бөлүшкөн маалымат булактары да төгүндөө берүүгө милдеттүү болот. Мына ушундай мыйзам долбоору менен юрист депутат Дастан Бекешев ММКлар жана соцтармактардагы айрым “үндөрдү” жаап салуунун жолун тапмакчы болду.
Черчилдин "демократия - башкаруунун эӊ начар формасы, бирок мындан жакшысын адамзат ойлоп таба элек" дегени бар. Кыргыз чиновниктери, ошол эле депутаттар ММКлар менен социалдык тармактарды душман көрбөй, тескерисинче, бул аянтчаларды элдин үнүн угуунун булагы катары кабыл алышса, жүргүзгөн иштеринин натыйжалуулугу артмак, коомго пайдалуу болмок. Бул жагынан өкмөттүн кичине үмүт жараткан кадамдары байкалууда. Мисалы, премьер-министр Сапар Исаков социалдык тармакта айтылган сындардан, сунуш-пикирлерден кабардар болуп туруу үчүн өкмөттө атайын бөлүм ачкан. Бул кызматкерлердин милдети элде эмне маселе болуп, ал кайсы тийиштүү мекемелерге жетпей жатат, билип туруу, жыйынтык чыгаруу.
Сөз эркиндиги - Кыргыз мамлекетиндеги саналуу жетишкендиктердин бири. Аны туш тараптан чектөө Кыргыз өлкөсү көп жылдар топтогон демократиялык баалуулуктарды талкалоого алып барат. Дастан Бекешев социалдык тармакка жазылган билдирүүлөр үчүн жарандар менен соттошуп жүргөн депутат катары белгилүү. Былтыр жарандык активист Мавлян Аскарбеков интернетте жеке баракчасына депутат Бекешевди күмөндүү иштерге катыштыгы бар деп билдирүү жазган. Депутат сотко кайрылып, сот Аскарбековду билдирүүсүн төгүндөөгө милдеттендирген. Жалган маалымат таратты деп Бекешев жарандык активист Темирлан Ормуковду да сотко берип, учурда териштирүү жүрүүдө.
Коомдук пикирдин таасириби, айтор, Бекешев "текстте ката кетиптир" деп мыйзам долбоорун артка кайтарып алганы белгилүү болду.
Эл өкүлдөрүнүн ММКларды "тартипке салуу" аракети муну менен эле бүтпөйт. 4-январда депутат Исхак Масалиев спикер Дастан Жумабековго "төраганын негизги милдети депутаттарды каралоодон коргоо", - деп, депутаттарды негизсиз каралаган маалымат каражаттарына чара көрүү тапшырмасын берди. Конституцияда Жогорку Кеӊештин төрагасы депутаттардын аброюн коргоого милдеттүү деген норма жок. Төраганын милдети - парламент жыйындарын алып баруу, оппозиция, позиция деп бөлбөй депутаттарга бирдей мамиле жасоо, Жогорку Кеӊеш кабыл алган документтерге кол коюу өӊдүү иштер...
Жогорку Кеӊештин депутаты Канат Исаев 12 жылга эркинен ажыратылды. Биринчи Май райондук сотунун өкүмүнө ылайык, Исаев күчөтүлгөн режимде жазасын өтөп, мүлкү конфискацияланат. Ал эми Исаев менен бирге айыпталгандардын алды 10 жылга кесилип, калганы "кылмыш иши эскирди" деп жоопкерчиликтен кутулуп кетишти. "Аман калгандардын" арасында парламентте "Бир болдун" депутаты Игорь Чудиновдун аялы Любовь Чудинова дагы бар. 12 жылга камак - Канат Исаевге ачылган 2 кылмыш ишинин бири боюнча гана чыгарылган өкүм. Башкы прокуратура 2011-жылы Исаевге "2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган" деп кылмыш ишин козгогон. Кылмыш иши 2016-жылы Исаев Конституцияны өзгөртүү аракетине каршы чыккандан кийин кайра жанданган. Исаев Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккандан кийин парламентте "Кыргызстан" фракциясынын лидерлигинен да кеткен.
2017-жылы сентябрда Канат Исаевге Башкы прокуратура дагы бир кылмыш ишин ачып, депутат "президенттик шайлоо учурунда бийликти басып алууга камынган" деп камакка алынган. Бул иш боюнча териштирүү жүрүп жатат. Кылмыш-жаза кодексине ылайык, Исаев күнөөлүү деп табылса 12 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Акыркы 2 жылда оппозициялык саясатчылар соттон утуп же акталып чыккан учур дээрлик жокко эсе. Исаевдин окуясы бийлик коррупция менен күрөшүп жатканынан кабар берет. Бирок ал күрөш оппозициялык жээктегилерге каршы жүргүзүлүүдө. Азырынча...