Бишкекте Жаңы жылдын майрамдалышын шылдыңдаган түрк студенти окуудан чыгарылды. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин маалымат кызматынан билдиришти.
"Ал студенттин жасаган видео кайрылуусу үчүн чара көрүлүп, кайра орношо албай турган болуп, биротоло окуудан чыгарылды. Жарыяланган тасма окуу жайдын көз карашына туура келбейт. Биздин окуу жай түрк тилдүү элдердин ынтымагын бекемдөө максатында түзүлгөн. Ал эми студенттин айткан сөздөрү анын жеке пикири", - деп билдирди маалымат кызматы.
Айта кетсек, Өмер Йенер аттуу Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин теология факультетинин 1-курсунун студенти Бишкекте Жаңы жылдын майрамдалышын шылдыңдаган сөздөрү менен Инстаграмдагы баракчасына видео жарыялаган. Ал тасма интернет колдонуучуларынын арасында кызуу талкууга алынган. Интернет колдонуучулары ошол күндөн баштап студентти окуудан чыгарып, кылмыш жообуна тартууну талап кылып келишүүдө. Кийинчерээк студент Жаңы жыл тосуу учурунда айткан сөзү үчүн кыргыз элинен кечирим сураган болчу.