"Ош" эл аралык аэропорту коюу тумандан улам учактарды кабыл алууну убактылуу токтотту. Бул тууралуу бүгүн, 5-январда "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, "Ош" эл аралык аэропорту бүгүн эртең менен саат 09:00дөн баштап учактарды кабыл алууну жана учурууну убактылуу токтоткон.
"Буга Ошту каптаган коюу туман себеп болду. Каттамдар боюнча маалыматты 0 (3222) 9-01-01 номуруна чалып билсеңиздер болот", - деп айтылат маалыматта.