Арзан чапан-калпактар министрдин текчесинде чаң басып жатат: Жумагулов "чоңдорго" кийит берүүнү токтотууга чакырды

Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов "чоңдорго" чапан жапканды токтотуу боюнча кайрылуу жасады. Бул тууралуу бүгүн, 5-январда мекеменин басма сөз кызматы маалымат таратты.

Маалыматта айтылгандай, Жумагуловду маданият мекемелеринин биринин жетекчилери Жаңы жыл майрамы менен куттуктап келип, үстүнө чапан жапкан.

Буга министр төмөнкүдөй пикирин айткан: "Кесир болбосун, бирок "чоңдорго" чапан жапкан адаттан арылалы. Мындай Бакай калпак менен кементайды карыяларга жабат. Экинчиден, бул кийитке акча кетти, а сиздер айлыгыбыз аз, көтөрүп бергиле деп өкмөттүн каалгаларын кагып келесиздер. Биз, маданият өкүлдөрү башкаларга үлгү болушубуз керек да. Мага кийит менен эмес, системди жөнгө салуу тууралуу алгылыктуу идеялар менен келүүңүздөрдү суранам”.

Аталган министрликтин маалымат кызматы тараткан билдирүүдө: "Айтмакчы, Жумагулов министр болуп иштеген 2 айдан бери белекке тартууланган мындай арзан чапан-калпактар чаң басып, текчелерде жыйылып турат", - деп кошумчаланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Tynybek1989
2018-01-05 12:33:36
Жакшы айтыптыр.Кееде биз озубуз пара берип коебуз (кийит кийгизгенда парага жатса керек)ошончолук ыраазычылык билдиргин келсе чооон рахматынды айтта обетине деп 2 самсы которо кел,кийиттен арзанда болот анан кичине болсода пайдалуурак.чан баспайт
+16
isabek1977
2018-01-05 15:47:08
Tynybek1989,Мындан кийин акчасын эле алып келгиле дегенге окшоп калыптыр.
+3
Tynybek1989
2018-01-05 12:37:02
Негизи эле ысырапкорчулук бул нерсе.той топурларды айтпасакда белгилуу.мисалы кийилбеген калпак эркек койнок дегендер байкуштар колдон колго отуп журупле эскирет аны же эч ким кие албаса.Ушундай нерселерда жок кылсак жакшы болот эле а бирок бизде тескерисинче бир бирине атаандашып.........
+6
ashamkan
2018-01-05 12:50:06
Андай нерселерди алыш учун ишчилер 200 сомдон ведомостко кол коёбуз суйлонуп......
+6
nazira...
2018-01-05 13:24:48
Азамат. Ушуну акыры бироосу айтып чыкса экен деп журдум эле, тажатат да ушу, дагы камчысын да кошуп беришет. Илгери чон энем айтчы эле, сая турган, ура турган буюмдарды белекке берсе болбойт деп. Мисалы кайчы, бычак, ийне, камчы,найза, балта, дагы коп.
+5
Saidochka
2018-01-05 14:04:40
Туура айтыптыр!
+2
kechirmeni
2018-01-05 14:18:05
азамат жакшы идеа
+1
more22
2018-01-05 16:51:57
Бул айтканы эмне дегенди тушундурот "арзан"не кымбатырак шуба кылгыла дегени турабы "чан басып турат" дегенине караганда бизге арзаны керек эмес дегениби
+4
muslim87
2018-01-05 18:59:40
Негизи кыргыздар кошоматчы келебиз кызматка көтөрүлсө, той кылса, же ишибиз түшкөндө калпак чапаныбызды көтөрүп жөнөйбүз. Тойлордо болсо обмен товар болот. Акча коротуп сатып алып, алыпбарып кийгизесиң кайра эле сагада кийгизет бирок аны үйгө келгенде кийе албайсың бүктөлүп жаткан жеринен чаң басып жок болот. Ушул нерсе түбү оту менен жок болсо жакшы болмок.
0
Ma9
2018-01-05 20:41:13
тойдо кийгизгенди эле жок кылып бергилечи айныкса кафеде кийгизип убакыты алышатта
0
bema_bema
2018-01-05 21:14:37
Туура айтыптыр айлык аз деп суйлоносунор анан чапан калпак деле мин сомдон нарака болсо керек.
0
Jelezo
2018-01-05 23:16:58
Министирлер райондорду кыдырганда рай.аким айыл окмот башчыларына салык салып суусар тебетей бору ичик жаптырат,жатаканасы, келип кеткен жол киреси, тамак ашы,каробкасы болуп ар бир районго 150мин сомдун айланасында чыгым келтиришет.
+1
Kari
2018-01-07 13:49:47
Туура айтат ,ушу кийиттин кереги деле жок экен.Же аны кийбесен.Ашыкча чыгым.Счетуна акча которуп кой,андан коро,керегине жаратат.Кимден канча келгени да дайын болот.Ал деген кайтарышы керек да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан