ЭЛДИК ВИДЕО: III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын промо-ролиги жарык көрдү

"Медиа-порталдын" "Элдик видео" бөлүмүнө "III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын промо-ролиги" аталышындагы видео жүктөлдү. Ник (Aki-meki)

Видеодон Кыргыз өлкөсүнүн тоо-таштарын, сууларын, табиятынын кооздугун жана кереметтүү Ысык-Көлүбүздү көрүүгө болот. Андан сырткары көчмөндөргө таандык болгон улуттук оюндар, сайма сайып жаткан апалар, бийлеген кыздар чагылдырылган. Роликтин өзгөчөлүгү ага бир гана Кыргыз жарандары эмес, ар кайсы улуттун өкүлдөрү тартылган.

Белгилүү болгондой, роликти коштогон текст англис тилинде жазылган. Жакын арада кыргыз жана орус тилдеринде жазылган варианты жарык көрөт.

Видеону көрүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (42)
Baku88
2018-01-05 14:12:36
Мен колдойм колдогондо да 1000% колдойм кыргыздын урп адатын каада салтын бөтөн элдерге коргозуп кыргыздын улуу эл экенин даңазалап келе жатышат азаматсынар
-9
Too-tash
2018-01-05 14:41:07
Baku88, Кыргызстанды кочмондор оюну эмес, тонкоруштор, Атамбаевге окшогондордун алжыган кептери, коншулар менен акыйнек айтышы менен дуйного таанытып жатат...
+9
isabek1977
2018-01-05 15:31:24
Too-tash,Сен озу туулганына деле нааразы болсон керек.Кочмондор оюну дегенде эле нааразы болуп чыга келесин.
-9
Too-tash
2018-01-05 15:41:29
isabek1977, кочмондор оюнуна менин да акчам кетип жатат казынага тологон... Мен бул акчаны бийликтеги ууру-кескилер кошоматчыларынын курчоосунда тойлоп ойносун деп тологон эмесмин...

Менин бул оюма олконун 6 милоион калкынын кеминде 5 миллиону макул... Ошондо элдин акчасын талаага сапыруу укугун ким берли силерге?!!
+9
Baku88
2018-01-05 16:44:07
Too-tash, охоо жаман күчтүү сүйлөйсун го ар бирибиздин акыбыз бар казынага тологонго ага эч кимдин ичи оорубайт
-8
kechirmeni
2018-01-05 14:26:06
ото супсак тартылыптыр былтыркы роликтер жакшы чыккан эле ушуга деле акча кетсе керек эле сапаттуураак тартышса болмок экен
+9
KUMKA
2018-01-05 14:36:32
kechirmeni,Ооба,музыкасында кээ бир инструменттер ашыкча ойнолуп калган.Балким эске алышар деп ойлойм.
-11
admin_superstan
2018-01-05 14:45:00
Baku88, Too-tash, жеке айтышууларга жол берилбейт.
-10
Baku88
2018-01-05 14:49:47
Ушинтип кыргыз кыргызды артка тартып отурса качан онугобуз онукмок тургай кайра 10 20 жыл артка кетебиз. Эң өкүнүчтүү жери кее бир курулай төш каккан байкелердин аялдардан өтүп ушак кууп качан болсо жамандап оозунан бир жакшы деген сөз чыкпаганы
-9
Too-tash
2018-01-05 16:14:11
Baku88, элдин баары талаалап журсо ошолбу онукконун?!! Акчаны талаага сапырып 2-3 кун тойлосок ошолбу онукконун?!!

Элдин жарымы олко онукконунон талаалап журобу?!! Же 2 жолу кочмондор оюнун откоруп эл онугуп кеттиби, элдин жашоосу жакшырып кеттиби?!!

Ошол акчага завод-фабрика курсанар онугосунор го, тойлоп чардасанар онукмок беленер?!!


+7
baisogur
2018-01-05 14:54:00
Экспо 2017Казакстан 3милиарт доллар кетти тарых барактарына аброй алып келет келечек муун сыймыктанат а бизчи,Шугур Кочмондор ойунубуз менен биз сыймыктанбасакта келечектеги муундар тарых барактарында сыймыктанышат
-4
Erkinbek1978
2018-01-05 15:04:42
Көчмөн оюндун балекетин аламыңарбы эки өткөрүп мүйүз чыктыбы чыкса бугу болот элеңер дабдырлар
+8
Kattaldym
2018-01-05 15:29:54
Мен колдойм. Бирок бул роликте кок бору оюну жок экен, ошонусу жакпай калды. Мен тушуном кочмондордун бардык оюндарын бир кыска роликке камтууга мумкун эмес. Бирок кок бору кочмондордун негизги оюндарынын бири го?
-7
Football.kg
2018-01-05 15:48:15
Жогоруда бироо туура жазыптыр, ушул оюнду откорууго кеткен акчага туристтик базаларда (пансионат) эн заманбап дааратканаларды салып койсо, мына ошондо туристтер кобойот. Биздин эс алуучу пансионаттарда бир тузугуроок ажаатканасы жок, кыстаган учурда кирсен коонун айланат. Бул оюн бир жумада отот кетет, бирок туристтик эс алуу жайларындагы койгойлор актуалдуу боюнча чечилбей кала берет.
+8
admin_superstan
2018-01-05 16:11:26
Too-tash, далилсиз маалыматтарды камтыган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
-8
Baku88
2018-01-05 16:54:34
Улуу урматтуу тоо таш кичине демини ичине басып куйукпой отура тур болбосо ден соолугуна зыян келип калышы мүмкүн. Анан адегенде элди коюп өз атынан сүйлөгөнду уйрон эл айтчусун өзү айтат. Экинчиден ар бир кыргыз жараны Кыргызстандын өнүгүшүнө салым кошконго акысы бар кааласа да каалабаса да бул биздин ата журт алдында жана кийинки муун үчүн кошкон эң чоң салымыбыз. Эгер сен бул нерсеге да кошулгун келбесе анда башкаларга тоскоол болбой жөн отур
-6
Too-tash
2018-01-05 17:07:25
Baku88, Биринчиден бул биринчи же акыркы талкуу эмес! 2-дуйнолук кочмондор оюнуна да нааразычылык куч болгон. Керек болсо Суперстанда талкууланган...

Бир жолу откордун, эки откордун, болду да...

Элдин пикирин билгин келсе сурамжылоо баштайлы, коросун ким элдин атынан суйлойт, ким бийликтин камчысын чабат, билинет!!!

Экинчи маселе, ким кочмондор оюнун откорууго макул болсо, марафон уюштуруп откоро бергиле оз чонтогунордон...

Элдин акчасына тийбегиле!
+4
televizor
2018-01-06 17:42:24
Too-tash, ХХХХХ буйруса 3жолу эмес 100 жолу откорулот бул оюн
-1
Baku88
2018-01-05 17:02:49
Кыргыздын душманы кыргыз, кыргызды артка тарткан бир гана кыргыз. Кыргызстанда жылына бир ирет өтчү кыргыз деген эл бар экенин жана ал кандай улуу эл болгонун бүт дүйнө элине далилдеп берчү оюнду да болтурбоонун ар кандай жолун издеп таап бут тосуп жатышат
-7
Too-tash
2018-01-05 17:08:44
Baku88, 2 жолу откоруп дуйного эч нерсе далилдей албасан, учунчу жолу откоруп балээ барбы?!!
+2
KUBI
2018-01-05 18:11:57
Элуу жолу откоруш керек, анан онугобуз. Уч жолу откоргондо онукпойт.
-2
Too-tash
2018-01-05 18:56:55
KUBI, 2 жолу откоруп бери болгондо 2-3 миллиарддын башын жешти, ортодо уурдалган миллиондогон долларларды санабаганда....

50 жолу откоруп туруп, карызыбыздын ордуна деп Кыргызстанды Кытайга карматып коюп карызынардан кутулат экенсинер да ээ, акыры барып бул кетиште.......
0
Baku88
2018-01-05 21:29:33
Too-tash, сен деги жаралганына ыраазысынбы ошону Айтчы
-3
Alinur96kg
2018-01-05 18:53:15
Пайдасынан зыяны коп ойундардын бири да бул деле.Мамлекетке пайда болсо эки жолу отту канча пайда корушту кыргызстандыктар? Пайда алып келе турган болсо башка олколор талашмак, кийинкисин биз откоробуз дешип.Эч пайдасы жок,аларга эмне кереги бар эле откоруп.Мамлекетибиздин акыбалы деле мышык ыйлагыдай болуп атат.Кичине экономдоп,акчаны зарыл нерсеге жумшаса болмок.Бул менин ойум.
+3
Abdumital
2018-01-05 21:01:29
Ажы апам коп айтчеле
тарта жесен тай ашырасын
койо жесен кой ашырасын деп негедир ошол созу эсиме келди
-4
KIRA.
2018-01-07 17:58:12
музыкасын ондош керек го,кыргыз салттуу жакшы музыкадан.куулордон коюп,индеецтердин музыкасы болуп калыптыр.а так ролик жакшы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан