Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулаган жаран кармалды

Ысык-Көл районунда ири көлөмдөгү торлор жана катамаран менен мыйзамсыз балык уулап жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциясы билдирет.

Маалыматка ылайык, Мамэкотехинспекция тарабынан жүргүзүлгөн рейдде Чырпыкты айылынын Ш.У. аттуу тургуну катамаран менен мыйзамсыз балык уулап жүргөн жеринен кармалган. Ага тийиштүү акты, протоколдор толтурулуп, мыйзам чегинде чара көрүү үчүн материалдар сотко жиберилген. Мындан тышкары Чоң-Сары-Ой айылынан Балыкчы шаарына чейинки аралыкта 2500 метр болгон 25 даана мыйзамсыз салынган торлор чечилип, жок кылынган.

Мамэкотехинспекция билдиргендей, катамаран менен балык уулоо адам ɵмүрүнɵ кооптуу болгондуктан тыюу салынган. Ага карабастан Ысык-Көл облусунун айрым аймактарында жарандар катамаран менен мыйзамсыз балык уулоого чыгышууда. Буга байланыштуу инспекторлор коопсуздукту камсыз кылуу, мыйзамсыз браконьерликти жоюу максатында рейддик иш-чараларды жана түшүндүрүү иштерин өткөрүшүүдө.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан