Кыргыз жеринде 2018-жылдын сентябрь айынан тарта мектептердеги окуу китептери ижарага бериле баштайт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы окуу китептери боюнча координатор Уланбек Мамбетакунов билдирди.
"2017-жылдын октябрь айында чыккан токтомго ылайык, аталган жылы Чүй облусунун Жайыл айылындагы 39 мектепте 1-4-класстын окуу китептери ижарага бериле баштаган. Ал эми 2018-жылдын сентябрь айынан тарта бул систем Кыргыз өлкөсүндөгү бардык мектептерге киргизилет. Учурда ар бир мектепке канча китеп жетишпей турганын аныктап, 6-класска чейинки окуу китептерин даярдадык. Сентябрдан тарта 1-класстан 6-класска чейинки окуучулар 1 китепти 25 сомго ижарага ала башташат. Ошондо бир окуучу жылына 10 китеп ала турган болсо, баасы 250 сомду түзөт", - дейт ал.
Ошондой эле 6-класстан 11-класска чейинки мектеп окуучуларынын китептери 2019-жылдан тарта ижарага бериле баштай турганын кошумчалады.