Кыргыз өлкөсүндө январь айында ОРВИге чалдыккандардын саны көбөйөт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бул илдетке жана сасык тумоого кабылгандардын саны жыл сайын күз жана кыш мезгилдеринде өсөт.
"2016-жылдын декабрь айында ОРВИге көп адам кабылган. Алардын ичинен 70 пайызы 14 жашка чейинки өспүрүмдөр эле. 2017-жылдын октябрь айынан тарта бул ооруга кабылгандар көбөйсө, 25-декабрдан 31-декабрга чейин мурунку жумаларга салыштырмалуу ооруган адамдардын саны 23,3 пайызга азайган. Ал эми 2018-жылдын январь айынан тарта мурунку жылдардай эле сасык тумоо жана ОРВИге чалдыккан адамдардын саны өсүшү күтүлүүдө. Колдон келишинче ар бир адам өзүнө сак болууга аракет кылуу керек", - дейт басма сөз кызматы.
Белгилей кетсек, ОРВИ (острая респираторная вирусная инфекция) кыргызча – дем алуу органдарынын түрдүү вирустар козгоочу курч кармаган жугуштуу оорулары. Ал өз ичине сасык тумоонун вирусун, парагриппти, аденовирус, риновирусту жана башкаларды камтыйт. Вирус оорулуу адамдан соо адамга аба аркылуу (сүйлөшкөндө, жөтөлгөндө, чүчкүргөндө) жугат. Суук тийүү абалыӊызды бир канча күнгө начарлатса, сасык тумоо бир нече күндөн 2-3 аптага чейин сизди "чеӊгээлинен" чыгарбайт. Убагында дарыланбаса өтүшүп, пневмонияга (өпкөнүн кагынышы) чейин жеткирет.