"Тазалык" муниципалдык ишканасы тарабынан борбордун көчөлөрүндөгү музду тазалоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу аталган ишкананын маалымат кызматы бүгүн, 5-январда SUPER.KG порталына кабарлады.
Буга чейин окурман тарабынан порталдын "Элдик кабар" бөлүмүнө "Ош базардын" эл баса турган жолунда муз тоңуп, ыңгайсыздык жаралып жаткандыгы тууралуу маалымат келген. Бул боюнча Бишкек шаардык мэриясынын “Тазалык” муниципалдык ишканасына байланышканыбызда, учурда шаар ичиндеги көчөлөргө тоңгон музду тазалоо иштери бүгүн кызуу башталгандыгын билдирди.
Биринчи Май районунан: 151 көчө шыпыргыч, 26 жүк ташуучу, 10 жолчу кызматкерлер жана 11 техника жумушка тартылган.
Октябрь районунан: 106 көчө шыпыргыч, 23 жүк ташуучу, 7 жолчу кызматкерлер жана 11 техника жумушка тартылган.
Ленин районунан: 143 көчө шыпыргыч, 33 жүк ташуучу, 8 жолчу кызматкерлер жана 12 техника жумушка тартылган.
Свердлов районунан: 121 көчө шыпыргыч, 23 жүк ташуучу, 9 жолчу кызматкерлер жана 11 техника жумушка тартылган.