Бишкектеги Аламүдүн-1 кичи районунда жол жээгине унаа токтотуу үчүн буга чейин талап кылынбаган 25 сомдон акы алынып жатканы жөнүндө "Элдик кабарга" окурман билдирүү жиберген. Бүгүн, 5-январда Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы бул маалымат боюнча жооп берди.
"Бул маселе боюнча атайын комиссия түзүлүп, Бишкек шаарынын архитектура жана шаар куруу башкы башкармалыгында каралып жатат. Ал жерде мурун жеке ишкерлер жүк ташуучу унаалар менен товар сатып, соода кылышчу. Бул мыйзамсыз иш болуп эсептелинет. Мындан улам ал жерден мамлекеттик бюджетке акча алып келүү максатында, токтотулган унаанын айдоочуларынан 25 сомдон акы алуу уюштурулган. Комиссиянын жыйынтыгы чыкканга чейин унаа токтотуу үчүн 25 сомдон акы алуу улантылат", - деп билдирди маалымат катчы.