ТИМ: "Орусияда өрттөн каза болгон эки Кыргыз жаранынын сөөгүн алып келүү иштери жүрүп жатат"

Орусиянын Новосибирск облусунда өрттөн каза болгон эки Кыргыз жараны Жалал-Абад облусунун тургундары болушкан. Учурда алардын сөөгүн учак аркылуу Кыргыз жерине акысыз алып келүү аракети көрүлүп жатат. Бул тууралуу SUPER.KG'ге бүгүн, 5-январда Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаментинин башчысы Муратбек Азымбекиев кабарлады.

"Аталган облустагы биздин консулдук тарабынан каза болгон жарандарыбыздын сөөгүн Кыргыз жерине жиберүү үчүн тийиштүү иштер аткарылып жатат. Алардын жакындарына да кабар берилди. Ал эми "Жүк-200" акысыз алынып келүүгө тийиш. Анткени авиакомпаниялар менен келишимдерибиз бар", - деди Азымбакиев.

Белгилей кетсек, 4-январда Новосибирск облусуна караштуу Искитим районунда саат 9:00 чамаларында бут кийим тиккен цехтен өрт чыгып, Кыргыз өлкөсүнүн эки, Орусиянын бир, Кытай Эл Республикасынын жети жараны каза болгону кабарланган. Көз жумгандардын ичинен 1994-жылы туулган Б.У. жана 1991-жылы туулган С.У. Кыргыз жарандары болуп чыккан. Ошондой эле 1999-жылы туулган К.У. аттуу кыргыз жигит да өрттөн жаракат алып, ал дарыгерлердин кароосунан кийин үйүнө жиберилген. Алар бут кийим тиккен цехтин кызматкерлери болушкан. Учурда кырсык боюнча Орусиянын мыйзамдарына ылайык кылмыш иши козголду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
KUBI
2018-01-05 17:09:39
Алла бейишин берсин.
+2
Tynybek1989
2018-01-06 00:08:17
Эх бир тууган кыргызым ар жерде талаалап аран жургондо ушундай апаат кырсыктардан кудай озу сактасын.Аман эсен оз олкобузго жетип алайлы.
Жайы жаннаттан болсун,кылган куноолорун озу кечирсин.Туугандарына сабыр.
+2
nurhan2702
2018-01-06 15:27:37
Жаман болуптур, жакындарына сабыр!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан