Келемиштин жүргөнү байкалган "Ош базарынын" жанындагы даяр азыктарды саткан соода күркөсүнө 5 миӊ сом айып пул салынып, жабылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун бөлүм башчысы Махамад Мырзашев билдирди.
"4-январь күнү биздин кызматкерлер аталган факт боюнча текшерүүгө чыгып, чындыгында ошол соода күркөсүнүн келемишке каршы дары-дармек чыгарган ишканалар менен болгон келишими жок экени аныкталды. Мындан улам аталган жайда санитардык нормалар сакталбагандыгы үчүн жетекчисине протокол түзүлүп, 5 миӊ сом айып пул салынды. Аталган жай ишин токтотуп, толугу менен жабылды", - деди Мырзашев.
Эскерте кетсек, Бишкектин тургундары "Ош базарындагы" тез татым кызматынын ашканасында келемиштин жүргөнүн көрүшүп, видеого тартып алышкан. Видеодон келемиштин сыртта тасмага тартып жаткандарды көзгө илбей, тамак-аш даярдалган столдун үстүнөн тамак издеп ары-бери чуркап жүргөнү байкалган. Окурмандар санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдары эмнеге мындайга жол бергенин сурап кайрылышкан.