Грузиянын соту Михаил Саакашвилини 3 жылга эркинен ажыратты

Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили "кызмат абалынан пайдаланган" деп айыпталып, сыртынан 3 жылга кесилди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Мындай чечимди бүгүн, 5-январда Тбилиси шаарынын соту чыгарды. Михаил Саакашвили 2006-жылы банк кызматкерин өлтүрүп соттолгон 4 полиция кызматкерин мөөнөтүнөн мурда актагандыгы үчүн соттолду", - деп айтылат маалыматта.

Андан тышкары, Саакашвили Грузияда башка кылмыш иштери боюнча айыпталууда жана Грузияга экстрадицияланышы мүмкүн. Михаил Саакашвили Грузиянын жарандыгынан ажыратылып, учурда Украинада болууда. Ал ошондой эле Украинанын жарандыгынан да ажыратылган, бирок бийликтин бул чечимин тааныбай келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Shadykanov
2018-01-05 18:24:43
Бул эмне адам деги эчжерге батпай
+2
isabek1977
2018-01-05 19:33:04
Shadykanov,Батыштын адамы.Оз элине жакшылык кылбаган чыныгы аферист.Ушуну кормок.
+2
Shekeev969798
2018-01-06 05:15:42
Shadykanov, Бул 3 эле жыл Текебаевге боорум
оруйт
0
Dembele84
2018-01-05 18:34:22
Грузиядан куугунтук алып,Порошенконун койнуна кирип майлуу ишке отурду эле,эми кайра ага каршылык корсотом,бийликти оодарам деп атып камалды.Качан эле жок кылыш керек болчу муну ажылдап карап отурбай!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан