Түркмөнстанда аялдарга унаа айдоого тыюу салынды

Түркмөнстанда жаңы жылдан тартып аялдарга унаа айдоого тыюу салынды. Бул тууралуу Түркмөнстандын басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 2017-жылдын декабрь айынан тартып полиция кызматкерлери аял айдоочуларга унаа айдаса айып салына тургандыгын эскерте башташкан. Азыркы тапта унаа айдаган айымдардын айдоочулук күбөлүгүн алуу менен унаасын атайын жайларга алып кетишүүдө.

Мамлекеттик кызматтарда иштеп, унаа айдаган айымдардан "унаа айдабайбыз" деген тил кат жаздырып алышкан.

Мындан сырткары аталган маалыматта Түркмөнстанда кара жана күңүрт түстөгү унааларды айдоого тыюу салынганын, ал түстөгү унааларды полиция кызматкерлери көрсө атайын жайга токтотуп, ээлеринен башка түскө боёосун талап кылып жатышканы да айтылат.

Азырынча бул аракеттер эмне себептен жасалып жаткандыгы тууралуу так айтыла элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (26)
aitowa11
2018-01-06 06:16:08
Мына сага закон
+12
Batma08
2018-01-06 08:52:58
Бизде он ролдуу машиналарды да жок кыла алышбайт аялдар бул жака турсун
+26
Zein
2018-01-06 10:19:13
Batma08, он рулду машиналар сага эмне кылып жатат? Айдай албасан рулду ортосуна коюп алсан деле толк жок
-12
Okna
2018-01-06 10:42:49
Zein,сага жаздым
+1
Akjolmaga
2018-01-06 12:04:33
Бизде андай болбойт. Тыйуу салып көрүшсүнчу мен эмне кылып салаар экенмин.
-6
Okna
2018-01-06 10:41:31
Batma08,не болуп атканын корбойтасынбы же укбайтасынбы бизде закон эмес Ошо законду чыгаргандар иштебейт
+4
Aydarov.0607
2018-01-06 08:56:31
Урдум ушуга окшогон закондорду. Кыргызстаным эле эн жакшы.
+5
Bolunbo.kyrgyz
2018-01-06 08:57:32
Арабтардан отуп кетиштиго
0
Malik92
2018-01-06 11:37:46
Туркмондордун теледе иштеген аялдары да жоолукчан,узун койнокчон чыгышат.Кийимдери оздоруно жарашат.Мени кызыктырганы бул мамлекетте:-балдар уйу,карылар уйу,аталары таштап кеткен уйбулолор барбы??Эгерде андай жагдайлар жок болсо,демек эли ынтымактуу,бийликтегидери эл учун кызмат кылган адамдар.Биздикилер аман эле болушсунда.120-сы биригип алып бир поссобиени кантип туура эсептеп чыгарышты билишпей отурушат.Же оздоруно кантип акча уномдоп калыштын айласы менен алек болушуудаго сыягы.
+6
Dembele84
2018-01-06 11:50:19
Закон иштейт буларда,раз минбегиле дедиби минилбейт.Бизде законун уруп ойнобой акча алып кайра койо берет же болбосо 5-10 киши чогулуп пикет кыла койот,же закондор да чийки аягына чейин иштелген эмес,ар кимиси келип каалагандай озуно караштуу кылып озгорто берип.
+1
Bazana
2018-01-06 11:56:26
Карангычылыктын жеткен чеги , машиненин ону кандай мааниге ээ ошондой эле аялдар машине айдаса эмне?
+1
Dembele84
2018-01-06 12:02:57
Bazana,Аялдардын катышуусунда жол эреже бузуулар же авария коп катталып жаткандыр да
+3
KUBI
2018-01-06 12:02:15
Бирок тартип кучтуу экен бул олкодо.
+3
ikitaidesu
2018-01-06 12:57:52
Бир да тентиген түркмөндү көрбөйсүң, же топ топ болуп жүрүшөт. Унааны ким айдабасын Аллахым өзү сактасын.
+1
dina
2018-01-06 14:13:17
ikitaidesu, турцияда коп эле иштешет.
0
zzari-83
2018-01-06 18:29:19
ikitaidesu,Турцияга келсең ошончо түркмөндөрдү көрөсүң.10-15жылдап иштеген,биротоло ушул жакта калып жашагандары да бар экен.Мамлекетинин абалын айтып отурса биз түзүгүрөөк экенбиз деп сүйүнүп калам мен.
0
NIkalike
2018-01-06 14:09:26
Буларда да карылар уйу, жетим балдар уйу толтура.
0
Aitosh93.kg
2018-01-06 15:02:04
Биздеда ошонтип койсо жакшы эле болмок эле
0
nurhan2702
2018-01-06 15:24:12
Аялдар шашпай правила мн айдайт. А эркектер шашкалактап жол талашып, согунуп сагынып ГАИни корсо желмогуз коргондой жинденишет.
+3
daniel87
2018-01-06 15:32:25
nurhan2702,туура айтасыз эн туура!бирок кочолор он рулдуу машиналар учун кооптуу Жана ынгайсыз
+4
Too-tash
2018-01-06 17:03:58
nurhan2702, аялдар жолдо "тупить" эте берет... 10 аял айдоочунун 2-3 гана нормальный машине айдайт. Калгандары болбойт... Россияда аялдар унаалар ылдам журуучу биринчи полосага чыгып алып ташбака болуп бара жаткан болот, артына пробка тузуп, телефон чукуланып... Аялдардын катышуусунда авариялар да коп...

Ошол себептуу аялдарга айдоочулук куболук берээрде кучотулгон тартипте сынак тапшыруулары керек, айрыкча вождение боюнча...
0
nurhan2702
2018-01-07 18:49:46
Too-tash,созунорго кошулам. Бирок сынак аялдарга эле эмес, эркектерге деле керек. Кантсе да 2018 жыл откон жылга караганда жол кырсыгы аз болсо экен
0
baha123123
2018-01-07 00:05:43
Бизде эгер он ролдун машиналарды токтотсо митингке чыгып эле озгортуп салышаткоо
+1
admin_superstan
2018-01-08 10:53:34
Akjolmaga, Too-tash, жеке айтышууларга жол берилбейт.
-1
datkayimjan
2018-01-08 12:31:21
Туркмонстанда жашабаганыма Кудайга шугур
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан