Данияда жоголгон 1 миллион 300 миң долларлык арактын бөтөлкөсү табылды

Даниянын Копенгаген шаарында Жаңы жылдан кийин, 2-январда "Кафе 33" деп аталган кафенин жер төлөсүнөн жоголгон 1 бөтөлкө эң кымбат арактын бөтөлкөсү табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазууда.

Маалыматка караганда, даярдалуусуна 3 килограмм алтын жана 3 килограмм күмүш керектелген арактын бөтөлкөсү Копенгагендеги курулушу жүрүп жаткан жерде 5-январь күнү табылган.

Жергиликтүү полиция бөтөлкө сынбаганын, бүтүн бойдон табылганын билдирген. Аракты курулушта иштеген жумушчулар алган деген божомолдор айтылууда. Учурда полиция кылмышкерди издөө иштерин улантууда.

Эске салсак, буга чейин жергиликтүү ишкер, кымбат арактарды коллекциялаган Бриан Инбергдин дүйнөдөгү эң кымбат арагы уурдалганы маалымдалган. Ал арактын үстүндөгү жапкычы Орус падышалыгынын бүркүтүнүн сөлөкөтүндө металлдан куюлуп жасалган.

Инберг болсо бөтөлкө бош табылганын, бирок ал бөтөлкөнүн өзүнүн табылганына да ыраазы экенин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
evra_kg
2018-01-06 09:58:51
Ичкенине кызыкпатырда
+1
dosym
2018-01-06 10:46:49
Алкаштар урдаганда ошол жерде ичип коюшмак, бул жөн эле пияр, эми аукционго коюп сатат
+6
bekov01
2018-01-06 15:01:55
dosym,ичип койбой емне кылды анан. Ботолкосу табылды деп турбайбы
+3
Dembele84
2018-01-06 12:00:38
Ммм )))
0
bond02
2018-01-06 13:49:45
Уурулар ача албай коюшкан го дейм.
-5
Nurik1988
2018-01-06 14:50:02
bond02,Ботолко бош табылган ичиндеги жинди суусун ичип ыргытып жиберген
+5
Magusi
2018-01-06 20:54:02
Тобоо бош табылды,ошогода шугур деп атышыптыргоо.Туура окубайсынарбы
0
muslim87
2018-01-06 21:29:11
Бул атың өчкүр арактын өзү эмес бутылкасы кымбат экен алтын күмүштөн жасалып. А ичи болсо ак ит кара ит баары бир ит дегендей эле. Сырты жылтырап эле турса ичкенге кызыкканго.
+1
bayaman1234
2018-01-06 22:45:19
мммммм
0
aerforce
2018-01-07 02:18:27
заманыбыз бузулду жарым литр жинди суунун акчасы эмне деген шумдук ал аракты уурдап ичкен адам жыргаган жок ал аиакты чыгарып ошончо баа койгон адамда жыргабады дуйного жар салып эгер ошол акчаны бир жуз эмес миндеген адамдын омурун сактап калмак боор бойрок ооруган адамдардын операциясына берсе эх бир адамга зар дуйно бир адамга кор дуйно
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан