Орусиянын Санкт-Петербург шаарында 24 жаштагы кыз 1 китеп уурдоо үчүн китепкананын эшигин талкалап кирген. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, окуя 3-январдан 4-январга караган түнү болгон. Анда 24 жаштагы кыз китепкананын эшигин талкалап кирип ал жактан 1 гана китепти алып чыгып келе жатып күзөтчүлөргө кармалып калган.
Ошондой эле аталган маалыматта, 24 жаштагы кыз китепти китепканага кайтарып бергени, китепкананын жетекчилиги анын аракеттерин кечиримдүү деп табышканы айтылат.