Токмок шаарынын аймагында жерден чыккан суулардын деңгээлин төмөндөтүү иштери жүрүүдө

Токмок шаарынын аймагында жерден чыккан суулардын деңгээлин төмөндөтүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 6-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүнкү күнгө чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аркылуу 2 чакырым, Токмок мэриясы тарабынан 2 чакырымга жакын ачык коллектордук-кургатуу тутумун тазалоо жана тереңдетүү иш-чаралары аткарылды.

"Андан сырткары 29 көпүрө жана лотоктор демонтаждалды. Токмок шаарынын аймагында жерден чыккан суулардын деңгээли 13-55 сантиметрге чейин төмөндөдү. Жалпысынан 11 инженердик техника, ӨКМдан 20 куткаруучу, Токмок шаарынын коммуналдык ишканалар комбинатынан 12 киши, токой чарбачылыгынан 8 киши тартылган", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан