Өкмөттүн алдындагы Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети Ала-Букадагы "Иштамберди" алтын кенин иштеткен компаниядан жумуштан бошотулган 400 жарандын маселесин дүйшөмбү күнү карайт. Бул тууралуу SUPER.KG`ге аталган комитеттин төрагасы Уланбек Рыскулов билдирди.
"Мендеги маалыматтар боюнча жумушчулардын эмгек келишиминин мөөнөтү бүткөн. Компания жаңы эмгек келишиминде жумушчуларга "кепилдик, салык төлөмдөрүн өзүңөр төлөйсүңөр" деген өзгөртүүлөрдү киргизген. Бирок жумушчулар ага каршы болуп, "бул төлөмдөрдү компания өзү төлөшү керек" деп жатышат. Компания бул шарттарга макул болбогон кызматкерлер менен эмгек келишимин түзүүдөн баш тарткан. Дүйшөмбү күнкүгө мен компаниянын жетекчилерин, борбордук профсоюздун жетекчилерин чакырдым. Алар келгенде баарынын көз карашын угуп, расмий маалымат беребиз", - деди Рыскулов.
Буга чейин Ала-Бука районундагы "Иштамберди" алтын кенин иштеткен кытайлык “Фулл Голд Майнинг” компаниясы 400 жумушчуну иштен бошоткондугу маалымдалган.