Орусиянын Москва шаарында Кыргыз жараны көп кабаттуу үйдүн 5-кабатынан кулап 2 буту тең сынып, омурткасы жабыркаган. Жакындары операцияга керектеле турган 300 миң рублду чогулта албай жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 6-январда SUPER.KG порталына кырсыктан жабыркаган Жаркынай Юсупованын апасы Одинахан Юсупова билдирди.
Анын айтуусуна караганда, 29 жаштагы кызы 10 жылдан бери Орусияда иштеп жүргөн.
"Мен Жалал-Абад облусуна караштуу Майлуу-Суу шаарынын тургуну болом. Кызым 4 баламдын улуусу, Москва шаарында кыргыздарга таандык кафелердин биринде иштечү. 1-январда өзү жашаган үйдүн терезесинен кулап кетип, 2 буту бир нече жеринен сынып, омурткасы да жабыркаптыр. Кулагандан кийин 2 күн комада жатып, 3-январда гана эсине келди. Мен кызымдын кулап ооруканага түшкөнүн угуп эле Москвага келдим. Буга чейин кызыма 1 операция жасалды, 9-январдан кийин дагы бир операция жасалат. Ага 300 миң рубль керек экен, ошол акчаны чогулта албай жатабыз. Өзүбүздүн чогулткан акчабыз дары-дармекке араң жетип жатат", - дейт Одинахан Юсупова.
Абалы бир аз жакшырып, жандандыруу бөлүмүнөн травматология бөлүмүнө которулган Жаркынай Юсупова өзү 5-кабаттан кантип кулап кеткенин айтып берди.
"1-январда саат 7 чамасында терезедеги парда түшүп кеткен экен, аны терезеге чыгып тагып, эңкейип отурайын деп жатып кулап кеттим, терезе ошол учурда ачык эле. Жерге түшкөндөн кийин эсимди жоготуп коюптурмун. Эки күндөн кийин гана эсиме келдим. Азыр белимден ылдый жагы эч нерсе сезбей жатат", - дейт ал.
Операцияга коротула турган 300 миң рублду Жаркынайдын жакындары табууга чамасы жетпей жатат.
Жардам берүүнү каалагандар үчүн байланыш телефону: +7 968-926-38-71