Сапар Исаков Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун сапатын, пайда болгон жаракаларды текшерүүнү тапшырды

Премьер-министр Сапар Исаков Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун сапатын, пайда болгон жаракаларды текшерүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

"Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 439-479-чакырымдарынын сапатынын начарлашы тууралуу бир катар маалыматтар массалык маалымат каражаттарында жарыяланган. Мындан улам Сапар Исаков экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун абалынын начарлашынын себептерин тыкыр иликтөө үчүн көз карандысыз эксперттерди, тийиштүү мамлекеттик органдардын адистерин тартуу менен комиссия түзүүнү тапшырды. Өкмөт башчы эки апталык мөөнөттө текшерүүнүн жыйынтыгын сунуштоо милдетин койду", - деп билдирет басма сөз кызматы.

Транспорт жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, унаа жолдун аталган тилкесин реабилитациялоо 2010-2013-жылдары Азия өнүктүрүү банкынын инвестициялык каражаттарынын эсебинен ишке ашкан. Унаа жолун реабилитациялоо иштери 2013-жылы жыйынтыкталып, 2014-жылы кепилдик мөөнөтү аяктаган соң, жол тилкеси Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун башкармалыгынын пайдалануусуна берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан