Элчилик: "Орусияда 5-кабаттан кулап кеткен Кыргыз жараны боюнча тактоо иштери жүрүп жатат"

Орусияда 5-кабаттан кулап кеткен Жаркынай Юсупова боюнча элчилик тактоо иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Орусиядагы кыргыз элчилигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Жаркынай Юсупова боюнча маалыматыбыз бар, учурда тактоо иштерин жүргүзүп жатабыз. Элчиликке Орусиядагы Кыргыз диаспорасы да ал кыз боюнча кайрылуу жасашты. Дүйшөмбү күнү биздин кызматкерлер барып өзү менен сүйлөшүшөт", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Айта кетсек, буга чейин Жаркынай Юсупованын апасы кызы Орусиянын Москва шаарында көп кабаттуу үйдүн 5-кабатынан кулап, операцияга 300 миң рубль төлөй албай жатышканын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
asanaliev.s
2018-01-06 22:01:50
Аллахым шыпаасыны берип жакшы болуп кетсин. Чет жакта жургон мекендештерибизди Аллах озу сактасын мекенибизге аман эсен келишсин.
+2
Pandora
2018-01-06 22:18:39
Элчилик ар дайым тактоо жургузуп жатканын айтат,бирок эч качан результаттын айтпайт.Карапайым боорукер кыргыз элимден айланса болот.
+7
Diaza
2018-01-06 23:24:20
Элчилик аран 5 кундон кийин ойгонуптурда эээ
+4
haydarkan
2018-01-07 00:09:14
Москвада элчиликти жаап эле ташташ керек. Алардан эч кандай пайда жок. Даяр ашка балее нанга шор. Мен озум лично кайрылып коргом. Эч кандай резултат болгон эмес
+10
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан